Жарнама

Бишкекте дем алыш күндөрү 107 мас айдоочу аныкталды

16.11.26 | 13:59
Бишкекте дем алыш күндөрү 107 мас айдоочу аныкталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек ШИИББдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешти. Бул аралыкта ар кандай укук бузуулардын жагдайларын тактоо үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына 260тан ашуун адам жеткирилди.

Борбор калаанын ШИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укук бузуулар боюнча 3,2 миңден ашык протокол түзүшкөн.

Атап айтканда, алкоголдук мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата 107 протокол толтурулду. Адистештирилген айып короо жайларына 590дон ашык автомототранспорт каражаттары киргизилди.

Мындан тышкары, белгиленбеген жерлерде тамеки чеккендиги үчүн 14 протокол түзүлдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, дем алыш күндөрү «изи сууй электе» 20дан ашык кылмыштын бети ачылды. Ошондой эле соттун чечими менен ар кандай укук бузууларды жасагандыгы үчүн 30дан ашуун жаран Бишкек ШИИББдин атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.

Борбор калаанын милициясы шаар тургундарын жана конокторун мыйзамдарды, Жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти сактоого чакырды.

Аныкталган укук бузуулар жана шаардыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайлар тууралуу күнү-түнү иштеген 102 номерине кабарлоону суранышат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча