Министрлер кабинетинин төрагасы жарандарды кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө жарандарын кабыл алып, алардын маселелерин укту. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда курулуш жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Жер кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан маселелер, маданият тармагын, такси жана жеткирүү кызматтарын жакшыртуу, ошондой эле финансылык оор абалга байланыштуу материалдык көмөк көрсөтүү жана турак жай маселелерин чечүү мүмкүндүгү боюнча сунуштар айтылды.
Касымалиев бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынарын айтып, Президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү тапшырды.
Кабыл алуу Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилген график боюнча өттү. Документте Минкаб башчысы, анын орун басарлары, Президенттин администрациясынын бөлүмдөрүнүн жана президенттик комиссиялардын катчылыктарынын жетекчилеринин калк менен жеке жолугушуулары каралган.