Жарнама

Түштүк аймактагы тарыхый-маданий мурастар ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилет

16.11.26 | 15:25
Түштүк аймактагы тарыхый-маданий мурастар ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жакынкы аралыктарда Фергана, Сырдарья деген номинациянын алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы бир катар тарыхый-маданий мурастар ЮНЕСКОнун тизмесине кирет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Жолдошов билдирди.

Анын айтымында алардын катарына Чаткалдан баштаган Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан тарыхый маданий мурастар тандалып алынды.

“Буларга Чаткал районундагы X–XII кылымдарга таандык Күлбөс хандын чалдыбары, Ала-Бука районундагы Шах-Фазыл күмбөзү, Өзгөн районундагы б.з.ч. IV–I кылымдарга таандык Фергана өрөөнүндөгү ири археологиялык жайлардын бири болгон Шоро-Башат шаар чалдыбары жана шаардын борборунда жайгашкан Өзгөн архитектуралык комплекси кирет”, - деп белгиледи ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча