Жарнама

Бишкекте 19 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду

16.11.26 | 17:05
Бишкекте 19 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ак ниетсиз курулуш компанияларына карата чаралар көрүлүүдө. Бишкекте 19 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулганын Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов билдирди.

Анын айтымында, дагы үч курулуш компаниясы лицензиясынан ажыратылды.

Турдугулов Бишкектеги курулушу созулуп кеткен 46 объект боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, зарыл документтер чогултулуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралууда.

Ал мисал катары «Дөөлөт Курулуш» компаниясын келтирди. Анын объекттериндеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлүп, Курулуш министрлиги уюштуруучу катары чыгып, курулушту аяктоо иштерине кошулду.

Мындан тышкары, борбор калаада курулушу 10 жылга жакын убакыттан бери бүтпөй жаткан сегиз объект бар. Алар боюнча ведомство документтерди чогултуп, тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча