Жарнама

Депутат Бишкектин борборуна көп кабаттуу үй курууга мораторий киргизүүнү сунуштады

16.11.26 | 17:17
Депутат Бишкектин борборуна көп кабаттуу үй курууга мораторий киргизүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура ж\а курулуш комитетинин отурумунда депутат Уланбек Жаанбаев жол тыгыны маселесин чечүү үчүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады. 

Депутат муниципалдык жерлер боюнча кабыл алынган токтом 80%га аткарылбай жатканын айтып, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароону же комиссияны кайра түзүүнү талап кылды. Ал мурдагы сейил бактардын жана ижарага берилген муниципалдык жерлердин ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп кеткенине нааразы болду.

Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов сейил бактардын чек аралары бекитилгенин жана акыркы 10 жылда мэрия көп кабаттуу үй куруу үчүн жерди ижарага бербегенин билдирди. Анын айтымында, Каралаев көчөсүндөгү жана Түштүк магистраль менен Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жашыл аймакка үйлөр 10-20 жыл мурун курулуп, жашоочулар көчүп киргендиктен мыйзамдаштырылган.

Депутат ошондой эле 2050-жылга чейинки башкы планда тыгындарды жоюу жолдору так көрсөтүлбөгөнүн сынга алды. Анын маалыматы боюнча, 450 миң унаага ылайыкташкан шаарда учурда миллионго жакын унаа жүрөт.

«Шаардын так ортосуна мораторий кылсаңыздар болот. Ал жерде көп кабаттуу үйлөр жетиштүү деңгээлде курулду. Инфраструктура, канализация, газдаштыруу көтөрө албайт. Бишкектен 20 чакырым алыстыкта үйлөрдү салгыла деп сунуштама берсеңиздер болобу?» - деди Жаанбаев.

Бакай Турдугулов башкы план Санкт-Петербург шаарынын долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыкканын жана анда транспорттук түйүндөр, «акылдуу» жол чырактар, автобус тилкелери каралганын айтты. Мындан тышкары, инвесторлордон метро жана монорельс куруу боюнча сунуштар түшүп жатат.

Ал эми курулушка мораторий киргизүүгө зарылчылык жок экенин, шаардын борборунда бош жер калбай, курулуштар «Бишкек Арена» жана Көк-Жар тарапка жылганын кошумчалады.

«Мораторий киргизүүнүн кажети жок. Курулуш тармагы экономиканын өсүшүнө оң таасирин тийгизип жатат, ал эми мораторий сырткы инвесторлорду чочутуп коюшу мүмкүн», - деди Турдугулов.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча