Бишкекте унаа жуучу жайда «Toyota Camry» жумушчуну сүзүп, ал көз жумду
17.11.26 | 08:42
Бишкекте «Toyota Camry» унаасынын айдоочусу унаа жуучу жайдын аймагында жумушчуну сүзүп, ал каза болду. Эркек киши окуя болгон жерде көз жумганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Жол кырсыгы 16-ноябрда саат 20:45 чамасында Медеров көчөсүндөгү автоунаа жуучу жайда болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа жуучу жайга кардар катары келген унаанын айдоочусу ошол учурда канализация люгунан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп алган.
Каза болгон 1969-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Факт боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө дуушар кылуу) менен кылмыш иши козголду. Автоунаа айып короого киргизилип, экспертизалар дайындалды.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: