Жарнама

Эми “Түндүк” тиркемесинде паспорттук маалыматтарды ким сураганын көзөмөлдөөгө болот

17.11.26 | 08:48
Эми “Түндүк” тиркемесинде паспорттук маалыматтарды ким сураганын көзөмөлдөөгө болот КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

“Түндүк” мобилдик тиркемесине жарандардын коопсуздугун күчөтүүгө багытталган жаңы функция кошулду. Эми колдонуучулар өздөрүнүн паспорттук маалыматтарын кайсы банк же мамлекеттик мекеме сурап жатканын "тарых" бөлүмүнөн текшере алышат. Бул тууралуу "Биринчи радиого" берген маегинде "Кызмат" мамлекеттик ишканасынын бизнес-аналитиги Нуртенир Буржуев билдирди.

Анын айтымында, жаңы функция жарандарга өздөрүнүн жеке маалыматтарынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө жана алардын кайсы жакка берилип жатканын ачык-айкын көрүүгө чоң шарт түзөт.

Жарандар "Түндүк" тиркемесине кирип, тиешелүү бөлүм аркылуу кайсы банктар же кайсы мамлекеттик органдар алардын паспорттук маалыматтарына кайрылганын толук тарыхы менен бирге текшере алышат.

Бул кызмат учурда толук ишке киргизилип, тиркеменин колдонуучуларына жеткиликтүү болууда

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча