Жарнама

Кыргызстанда 10 айда мал катышкан жол кырсыктарынан 5 адам каза болду

17.11.26 | 09:36
Кыргызстанда 10 айда мал катышкан жол кырсыктарынан 5 адам каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2026-жылдын 10 айында Кыргызстанда үй жаныбарлары катышкан 45 жол кырсыгы катталган. Кырсыктардын кесепетинен 5 адам каза болуп, 60 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай жол кырсыктары эң көп Жалал-Абад облусунда болгон (13 кырсык), анда 16 адам жабыркаган. Экинчи орунда Ысык-Көл облусу — 11 жол кырсыгы катталган жана 14 адам жабыркаган.

Калган аймактарда катталган кырсыктар:

Чүй облусу — 7 жол кырсыгы, 2 адам каза болуп, 11 адам жабыркаган;

Ош облусу — 6 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 10 адам жабыркаган;

Баткен облусу — 5 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган;

Нарын облусу — 3 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.

ЖКККББ мал ээлерин малды кароосуз калтырбоого (өзгөчө түнкү убакта) жана анын жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгышына жол бербөөгө чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча