Жарнама

Кыргызстанга кантты ташып келүүгө 6 айга тыюу салынды

17.11.26 | 10:13
Кыргызстанга кантты ташып келүүгө 6 айга тыюу салынды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер кабинети Кыргызстанга кантты ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды, мындай ченем Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомдо камтылган.

Тыюу салуу үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринен ташып келүүгө жайылтылат. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Транзиттелип, реэкспорттолуучу жана «экстра» сортундагы шекердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынбайт. Ошондой эле токтом күчүнө киргенге чейин Кыргызстанга темир жол транспорту менен жөнөтүлгөн партияларга дагы өзгөчөлүк каралган.

Бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, бааларды турукташтыруу үчүн кабыл алынды.

Маалымат үчүн

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 2026-жылдын январь-августунда 37,1 млн долларга 68,6 миң тонна шекер импорттогон. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,7 эсеге көп, ал кезде өлкө 13,2 млн долларга 18,6 миң тонна алып келген.

Кантты эң көп Бразилия жеткирген, бул 12 млн долларлык 30 миң тонна. Бир жыл мурун бул өлкөдөн кант импорттолгон эмес.

Орусиядан Кыргызстан бир жыл мурунку 12,3 млн долларга 17,3 миң тоннага салыштырмалуу 15,9 млн долларга 22,7 миң тонна алып келген. Азербайжандан жеткирүүлөр 5,1 млн долларга 9,7 миң тоннаны түздү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча