Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өнөр жайлык балык уулоого уруксат берүү 3 жылга токтотулду
Министрлер кабинети Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого уруксат берүүнү 3 жылга убактылуу токтотту. Тиешелүү токтомго Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чектөө суу көлмөлөрүндөгү балык корун сактоо жана көбөйтүү үчүн киргизилүүдө.
Мораторий ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, илимий изилдөөлөргө, балык корун жасалма көбөйтүүгө жана балыктын айрым түрлөрүнүн санын жөнгө салуу боюнча жыл сайын жүргүзүлүүчү иштерге тиешелүү эмес.
Мораторий күчүндө турган мезгилде Айыл чарба министрлигине Ысык-Көл жилингирин, сиг-лудоганы жана карп-сазанды жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү, ошондой эле Соң-Көлдө балыктын аборигендик түрлөрүнүн санын жыл сайын жөнгө салуу тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Документ менен Минкабдын сайтынан таанышууга болот.