Жарнама

Бишкекте тойдо кошумча салынган сумка уурдалды

17.11.26 | 12:36
Бишкекте тойдо кошумча салынган сумка уурдалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 

Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн тойдо ичинде дээрлик 1 миллион сом акчасы бар сумка уурдалды.

Социалдык тармактарда бир апта мурун болгон бул окуя тууралуу ошол күнү үлпөт тою өткөн келин айтып чыкты. Сумкада коноктор алып келген кошумчалар салынган болчу.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, 10-ноябрда "Аламүдүн-1" кичирайонундагы ресторандардын биринен белгисиз адам акча салынган сумканы уурдап кеткен. Милицияга Д. Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча "Уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактап, аны кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча