Жарнама

«Ала-Арча» паркына келген туристтерди каттоо жана GPS-трекер берүү системасы иштелип чыгууда

17.11.26 | 12:39
«Ала-Арча» паркына келген туристтерди каттоо жана GPS-трекер берүү системасы иштелип чыгууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

«Ала-Арча» жаратылыш паркындагы каргашалуу окуядан кийин келген жарандарды каттоо жана аларга GPS-трекер берүү боюнча онлайн-система иштелип чыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда өзгөчө кырдаал министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Депутат Чолпон Эсенаманова каргашалуу окуядан кийин министрлик кандай жыйынтык чыгарганын жана «Ала-Арча» паркында туристтерге коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери кандай жүрүп жатканын сурады.

Министрдин айтымында, окуяга адамдык фактор себеп болгондуктан, мекеменин ички алгоритмдери жана маалымат алмашуу тартиби кайра каралып чыкты. Окуулар менен даярдык чаралары күчөтүлөт.

«Паркка күнүнө 7 миң киши кирип чыгат. Ар бирине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абдан оор. Ошол себептен жарандарды каттоо боюнча иштерди алып барабыз, ар бирине GPS-трекер берип, ким каякка жана ким менен чыкканын эсепке алабыз», - деди министр.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча