Казакстанга кирүү үчүн «QazETA» системасын киргизүү 2027-жылдын 1-июлуна жылдырылды
Казакстан чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды өлкөгө кирээрден 72 саат мурун милдеттүү түрдө алдын ала каттоочу системаны (QazETA) толук киргизүү мөөнөтүн 2027-жылдын 1-июлуна жылдырды. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев билдирди.
Депутат Гуля Кожокулова жыйында кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны жана жарандарды алдын ала каттоо талабы боюнча маселе көтөрдү.
«Адам каза болуп калса же башка чукул кырдаал жаралса, жарандар кантип алдын ала катталат? Чек арадагы узун кезектерден ишкерлер да, карапайым жарандар да кыйналып жатышат», - деди депутат.
Элчинин маалыматына караганда, баштапкы долбоор боюнча бул система акы төлөнүүчү негизде 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта ишке кирмек. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында каттоо акысыз болду жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн анын мөөнөтү 2027-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.
Ошондой эле 72 саат мурун катталуу талабынан бошотулган 29 категория бекитилген. Аларга 16 жашка чейинки балдар, 65 жаштан жогорку жарандар жана Казакстанда расмий иштеп жүргөн 67–70 миңге жакын кыргызстандык мигранттар кирет. Мындан тышкары, 29–30-октябрда Казакстандын премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарында жеңилдик берилүүчү категориялардын тизмесин дагы кеңейтүү макулдашылган.
Жүк ташуучу унаалардын кезектери боюнча элчи текшерүүлөр азайганын айтты. Расмий маалымат боюнча, 2022-жылы чек арадан өткөн унаалардын 10%ы текшерилсе, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 18 254 унаанын ичинен 643ү гана (болжол менен 3%ы) кароодон өткөн. Учурда эки өлкөнүн салык жана чек ара кызматтары өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди алып барууда.