Жарнама

ӨКМ министри Амирдин өлүмү боюнча үн катты

17.11.26 | 13:32
ӨКМ министри Амирдин өлүмү боюнча үн катты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ала-Арча паркындагы өспүрүмдүн өлүмүнө адамдык фактор таасир эткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Министр катары өзүмө тиешелүү жоопкерчиликтен качпайм. Адам өмүрү кыйылган жерде эч ким жоопкерчиликтен четте калбашы керек. Окуянын бардык жагдайлары объективдүү иликтенип, күнөөсү аныкталган адамдар ээлеген кызматына жана даражасына карабастан мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш", — деди ӨКМ жетекчиси Канатбек Чыныбаев.

Ал каргашадан кийин министрликтин маалымат алмашуу тартиби жана ички алгоритмдери кайра караларын, мындан ары окутуу жана даярдык маселелери дагы күчөтүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле учурда Ала-Арча жаратылыш паркына баргандардын баарын каттоо, ар бирине GPS-трекерлерди берүү жана аларды онлайн-көзөмөлдөө системаларын иштеп чыгуу маселелери каралып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусуна жакын жерде дайынсыз жоголгон. Ошол кечте бала өзү ӨКМге телефон чалып, адашып калганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин анын сөөгү табылган. Бул окуядан кийин коомчулукта ӨКМдин ишине нааразычылыктар пайда болуп, тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартууну өтүнгөн пикирлер айтыла баштаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча