Жарнама

Чүйдө сапатсыз курулган 3.2 чакырым жол кайрадан оңдолууда

17.11.26 | 14:43
Чүйдө сапатсыз курулган 3.2 чакырым жол кайрадан оңдолууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары


Чүй облусунда Чапаев – Кегети – Арпатекир унаа жолуна асфальтты талапка ылайык төшөбөгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда жолдун 3.2 чакырымында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөнү аныкталган.

Натыйжада жолду курган «Дол Нур ЛТД» компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу тапшырылган.

Учурда компания сапатсыз төшөлгөн асфальтты алып, жолду кайрадан талапка ылайык жасап жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча