Өзбекстанда 219 миң этникалык кыргыз жашайт
Өзбекстанда 219 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт, алар үчүн кыргыз тилинде окуткан 41 мектеп иштейт. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанда 35 жылдан бери алгачкы жолу өткөрүлгөн эл каттоо жарандардын, анын ичинде этникалык кыргыздардын саны тууралуу актуалдуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди.
Кыргыз тилдүү мектептердин басымдуу бөлүгү Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Ошол эле учурда 21 окуу жайында кыргыз жана өзбек тилдери окутулат.
Дүйшөнкул Чотонов үч-төрт окуу жайына жеке өзү барып, окуу шарттары менен таанышып чыкканын айтты. Анын белгилешинче, мектептер өздөрүн окуу китептери менен өз алдынча камсыздашат, ал эми кыргыз тарап азырынча аларга тиешелүү жардам көрсөтө элек.
Кыргыз тили мугалимдеринин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Элчилик бул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Депутат Айбек Алтынбеков эки өлкөнүн жазуу системасындагы айырмачылыктарга көңүл бурду. Өзбекстанда латын ариби колдонулса, Кыргызстанда кириллица колдонулат. Анын айтымында, бул Кыргызстанга билим алуу үчүн келген Өзбекстандын жарандарына белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууда.
Эл өкүлү Өзбекстандагы кыргыз тилинде окутулган мектептерге кыргызстандык окуу китептерин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.