Жарнама

Бишкектин Айтматов проспектин кеңейтүүдө жери алынгандарга кенемте берилди

17.11.26 | 15:12
Бишкектин Айтматов проспектин кеңейтүүдө жери алынгандарга кенемте берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүү иштеринин алкагында бузулган объектилердин ээлерине кенемте (компенсация) сертификаттарын тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул максатта жергиликтүү бюджеттен 40,7 миллион сом бөлүнгөн. Компенсациянын өлчөмү жер тилкелеринин рыногундагы наркын көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган. Калган жер тилкелери үчүн да кенемте толугу менен төлөнүп берилет.

“Бир дагы менчик ээси мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары бузулуп, жеринен ажырабашы керек. Биз компенсация төлөө боюнча милдеттенмелерибизден баш тартпайбыз. Кандай болгон күндө да каржылоо булактарын табабыз. Болгону бул үчүн убакыт керек”, — деди Айбек Жунушалиев.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча