Жарнама

Кийинки жылдын башында Бишкекке 60 чакан автобус алып келинет

17.11.26 | 16:35
Кийинки жылдын башында Бишкекке 60 чакан автобус алып келинет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Келе жаткан жылдын 20-январына чейин Бишкекке 60 жаңы чакан автобус келет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда шаарда 1631 автобус каттап жатат. Бирок дагы 600дөн ашык чакан автобус жетишпейт. Муниципалитет жеке компания менен 500 миллион сомдук келишим түзгөн.

"Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. 20-январга чейин шаарга 60 чакан автобус келет. Бул багыттагы иштерди улантабыз", — деди мэр.

Жунушалиев буга чейин жаңы автобустар конуштарга каттай турганын билдирген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча