Жарнама

Бишкекте Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн аял киши кулап, набыт болду

18.11.26 | 09:09
Бишкекте Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн аял киши кулап, набыт болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Свердлов РИИБине 17-ноябрда ошол эле күнү Ибраимов көчөсүндөгү бийик кабаттуу үйлөрдүн биринен аял кулагандыгы тууралуу билдирүү түштү.

Ал тез жардам келгенге чейин алган жаракатынан улам көз жумган.

Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, туугандары аялда акыл-саламаттыгы боюнча көйгөйлөрү болгонун маалымдаган.

Бул факт катталып, андан кийин териштирүү алдындагы текшерүү башталды. Анын алкагында зарыл болгон сот экспертизалары дайындалды.

Учурда текшерүү жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча КРдин мыйзамдарына ылайык тийиштүү процесстик чечим кабыл алынат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча