Чүй облусунда эки өспүрүмгө мылтык менен ок аткан жаран кармалды
18.11.26 | 09:37
17-ноябрда Чүй райондук ооруканасынан милицияга эки өспүрүм пневматикалык мылтыктан атылган октон жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Чүй облусунун милициясынын маалыматына ылайык, 2013-жылы туулган Т. Р. жана 2015-жылы туулган А. А. жаракат алышкан.
Тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран кармалды. Ал өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Алдын ала маалымат боюнча, аталган жаран 17-ноябрда саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган.
Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: