Жарнама

Министр: Кеч сүйлөгөн балдардын статистикасы жок, бирок алардын саны өсүүдө

18.11.26 | 10:22
Министр: Кеч сүйлөгөн балдардын статистикасы жок, бирок алардын саны өсүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков жыйында биринчи класска сүйлөбөгөн балдар көп барып жатканын, мектептерде логопед жана психолог жетишпей жатканын айтып, Агартуу министрлигине суроо узатты. Анын айтымында, мындай балдардын көбү COVID-19 пандемиясы маалында төрөлгөн. Бул тууралуу ата-энелер ага кат жүзүндө кайрылышкан.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жообуна караганда, логопед министрликтин стандартына киргизилген. Учурда бала бакчаларга логопед штатын киргизүү боюнча Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Сүйлөөсү кечеңдеген балдардын статистикасы бүгүн жок, андай эсеп алган эмеспиз. Бирок алардын саны көбөйүп жатканын билебиз», - деди ал.

Ал толук маалыматты депутатка кат жүзүндө берүүнү убада кылды.

Салымбековдун айтымында, депутаттар буга чейин мындай балдарды биринчи класска алты жашта эмес, жети же сегиз жашта кабыл алуу маселесин кароону сунушташкан. Ал 2027-жылдын бюджетинде логопед жана психологдор үчүн кошумча каражат бөлүүнү, ошондой эле өкмөт менен биргеликте бул маселе боюнча концепция иштеп чыгууну сунуштады.

Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигине да суроо берди. Анын маалыматы боюнча, жеке менчик клиникаларда сүйлөө кечигүүсүн дарылоонун бир курсу 30 миңден 40 миң сомго чейин турат жана бул көп үй-бүлөлөр үчүн кымбат.

Саламаттыкты сактоо министри реабилитация тармагында логопед, эрготерапевт жана физиотерапевттер жетишпей жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, физиотерапевт даярдоонун 4 жылдык окуу системасы Кыргызстанда жок, ал Европада жана АКШда бар. Министрлик реабилитация боюнча адистешкен ассоциация жана Билим берүү министрлиги менен бирге мындай балдарды эрте аныктап, жардам көрсөтүү жолдорун иштеп чыгууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча