SMS-кодду бербеңиз: ИИМ алдамчылардан сактануу жолдорун эскертти
Ички иштер министрлиги жарандарды телефон жана интернет аркылуу жасалган алдамчылыктан сак болууга чакырып, кылмышкерлер колдонгон кеңири тараган төрт ыкманы эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн милиция же банк кызматкери катары тааныштырып, жарандардан банк картасынын маалыматтарын, SMS-коддорду жана сыр сөздөрдү сурашы мүмкүн.
Ошондой эле социалдык тармактарда арзан товарларды, оңой кирешени же чоң утуштарды сунуштап, алдын ала акча которууну талап кылган учурлар кездешет. Мындан тышкары, кыска убакытта чоң киреше табууну убада кылган каржы пирамидаларынан жана тааныштардын же белгилүү адамдардын атынан акча сураган жасалма аккаунттардан этият болуу керек.
Ички иштер министрлиги жарандарга банктык маалыматтарды эч кимге бербөөнү, шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана акча которуудан мурда маалыматты текшерүүнү сунуштайт.
Эгерде алдамчылыкка туш болсоңуз же шектүү аракеттерди байкасаңыз, 102 кыска номуру аркылуу милицияга кайрылуу зарыл.