Жарнама

Умрага уча албай Ташкентте калган зыяратчыларды өлкөгө кайтаруу маселеси каралды

18.11.26 | 11:27
Умрага уча албай Ташкентте калган зыяратчыларды өлкөгө кайтаруу маселеси каралды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Ташкент шаарындагы аэропортто умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчыларды мекенине кайтаруу маселесин карады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе Ажылык жана умра сапарларына даярдык көрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул жыйынында талкууланган. Ага Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери да катышты.

"Жыйында "Нур Умра Трэвел" компаниясынын ишмердүүлүгү да каралып, жетекчиси Мирзат Кошоевадан түшүндүрмө алынды. Комиссия компанияга Ташкентте калган зыяратчылардын маселесин тез арада чечип, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча талап койду. Ошондой эле муфтийдин орун басары Өзбекстандагы элчилик менен биргеликте Ташкентке барып, зыяратчылар менен жолугушат. Компаниянын өкүлдөрүнө да жерине барып, зыяратчыларга түшүндүрмө берүү жана көйгөйлөрүн чечүүгө катышуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, КМДБ "Нур Умра Трэвел" компаниясынан сертификат алып, кичи ажылыкка барууну пландап жаткандарды кырдаал турукташканга чейин башка өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого чакырды.

Муфтият зыяратчыларды Бишкек жана Ош шаарларынан Сауд Арабиясына түз аба каттамдары аркылуу учууга үндөп, учурда SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын каттамдары жеткиликтүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 12-ноябрдан бери умрага бара албай, Ташкенттин аэропортунда 104 кыргызстандык калып калганы буга чейин парламентте айтылган. Депутат Бурул Аманованын маалыматы боюнча, зыяратчылар сапардын акысын толук төлөп, кошумча 100 доллардан беришкенине карабастан, туристтик компания алардан дагы 400 доллар талап кылган. Арасында пенсионерлер жана ден соолугу начар адамдар да бар экени белгиленген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча