Быйыл жарым жылда 88 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлдү
Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 88 миң 300 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.
Анын айтымында, 2025-жылы жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 273 миңден ашык жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүн болгон. Ошондой эле өткөн жылы негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,4%га көбөйгөн.
Белгиленгендей, 2026-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 422,9 миллиард сомду түзүп, 62,9%га өскөн.
Адылбек Касымалиев мындан ары экономикалык өсүштүн сапатына өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Анын маалыматына караганда, өндүрүштүн технологиялык деңгээлин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, кошумча наркы жогору продукция чыгаруу аркылуу экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөө пландалууда.