Жарнама

Шайлоого катышпаган жарандардын айлыгы кесилет

18.11.26 | 12:19
Шайлоого катышпаган жарандардын айлыгы кесилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров иш берүүчү кол алдындагылардын шайлоого келип добуш берген-бербегенин кантип тактай турганын түшүндүрүп берди.

Бүгүн БШКда президенттик шайлоого даярдануунун алкагында добуш берүү системасы сыноодон өттү.

Шайлоо боюнча жаңы мыйзамдарга ылайык, добуш берүү иш күнүнө коюлат. Мисалы, алдыдагы президенттик шайлоо шаршемби күнгө бекиген. Бул күн дем алыш болгону менен жумушу барлардын айлыгы кадимкидей эсептелет. Иш берүүчү маянаны кесип салбашы үчүн жумушчу добуш бериши керек.

"Сиз кызматкериңизди текшериш үчүн бизге сурам жөнөтөсүз. Мисалы, "менде 100 жумушчу бар, булардын кимиси шайлоого катышты же катышкан жок, тактап бергилечи" десеңиз, биз тактап беребиз. Кимдин айлыгын кесет, кимдикин кеспейт, иш берүүчү ошого карап чечет. Муну шайлоодогу активдүүлүктү көтөрүү үчүн киргиздик", — деди Шайназаров.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча