Жарнама

Депутат: Пенсия, айлык көтөрүлүп жатканы менен инфляцияны кубалап жете албай жатат

18.11.26 | 12:40
Депутат: Пенсия, айлык көтөрүлүп жатканы менен инфляцияны кубалап жете албай жатат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өлкөдө пенсия, жөлөкпул, айлык көтөрүлүп жатканы менен инфляцияны кубалап жете албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 18-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Жыйында Бекешев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден келерки жылы пенсия канча сомго көбөйө турганын сурады.

Бактияр Алиевдин айтымында, Соцфонд келерки жылы пенсия мынча пайызга көтөрүлөт дегенде, болжолдуу гана өлчөмдү айтат. Бирок пенсия андан көбүрөөк көтөрүлөт.

"Мисалы 2026-жылдын бюджетин карап жатканда биз пенсия 7% көтөрүлөт деп киргизгенбиз. Бирок пенсия 20%га көтөрүлдү", - деди Алиев.

Дастан Бекешев пенсия, жөлөкпул, айлык көтөрүлүп жатканы менен инфляциянын айынан ал байкалбай калып жатканын белгиледи. Ал көтөрүлгөн айлык, пенсия инфляцияны кубалап жете албай жатканын билдирди. 

Алиев билдиргендей, мыйзам боюнча пенсияны көтөрүү үчүн эсеп мындай жүргүзүлөт: алар былтыркы жылы инфляция канча болгонун, орточо айлык канчага өскөнүн карап, ал эки санды кошуп, экиге бөлөт. Жыйынтыгында кандай сан чыкса, пенсия ошончо суммага көтөрүлүшү керек.

Анын айтымында, быйыл жылга карата жүргүзүлгөн эсеп боюнча пенсияны 13%га көтөрүш керек болгон. Бирок пенсия 20%га көбөйтүлдү.

"Келерки жылы деле пенсияны жакшы көтөрөбүз", - деди Алиев.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча