Жарнама

Бишкектеги эл аралык футбол беттешинде 5 оюнчуга кызыл кагаз көрсөтүлдү

18.11.26 | 13:23
Бишкектеги эл аралык футбол беттешинде 5 оюнчуга кызыл кагаз көрсөтүлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан менен Йемендин футбол боюнча өспүрүмдөр командаларынын ортосундагы оюнда беш оюнчуга кызыл айып кагазы көрсөтүлдү.

17-ноябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда 17 жашка чейинки футболчулар арасындагы Азия кубогуна тандоонун алкагында Кыргыз Республикасынын жана Йемендин өспүрүмдөр курамаларынын ортосунда беттеш өттү. Беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдиргендей, беттеш аяктагандан кийин оюнчулардын ортосунда чыр чыкты. Ага Йемен оюнчуларынын провокациялык аракеттери, анын ичинде кыргыз футболчуларын түртүп, аларга сокку уруу аракети себеп болгон.

Окуянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курамасынын эки оюнчусу жана Йемен курамасынын үч оюнчусу кызыл айып кагазын алышты. Учурда КФБ беттештин башкы калысы кабыл алган чечимди кайра карап чыгуу максатында апелляциялык арыз даярдоодо.

Окуянын жүрүшүндө оюнчулар жабыркаган жок.

Алдыда Кыргызстан курамасы кийинки беттешин 20-ноябрда Моңголиянын курамасына каршы өткөрөт. Бул чечүүчү беттештин жыйынтыгында Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алган команда аныкталат.

Кыргызстанга 5 гол айырмасы менен жеңүү керек.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча