MEGA: «Литрес» менен китептер жана аудио окуялар дүйнөсүн ачыңыз
Сиздин сүйүктүү китебиңиз ар дайым колуңузда болот жана кызыктуу окуя сизди каалаган жерде – үйдө, жолдо же басып бара жатканда коштоп жүрө алат. MEGA улуттук операторунун «Литрес» менен жазылуучулар ар кандай темалардагы электрондук китептердин, аудиокитептердин жана подкасттардын эң ири санариптик китепканаларынын бирине кире алышат.
«Литрес» – окуу, үйрөнүү үчүн ыңгайлуу жана эргүү тартуулаган миңдеген мүмкүнчүлүктөр. Жыйнак каалагандай табитке жана маанайга төп келе турган чыгармаларды өз ичине камтыйт: дүйнөлүк классика, заманбап бестселлерлер, детективдик окуялар, бизнес адабияты, жаңы чыгарылыштар жана эксклюзивдүү аудио материалдар.
Колдонуучуларга төмөнкүлөр жеткиликтүү:
- 320 000ден ашык электрондук китептер;
- 62 000ден ашык аудио китептер;
- ар кандай темадагы 200 000ден ашык подкасттар.
MEGA ар бир адам туура вариантты таба алышы үчүн төрт «Литрес» топтомун сунуштайт:
«Литрес Стандарт» – электрондук китептерге жетки алуу.
• 1 күн – 6 сом (*2425*1*1#);
• 30 күн – 155 сом (*2425*1*30#).
«Литрес Аудио» – угууну жактыргандар үчүн аудиокитептер жана подкасттар.
• 1 күн – 12 сом (*2425*2*1#);
• 30 күн – 305 сом (*2425*2*30#).
«Литрес Премиум» – жаңы чыккан китептерди жана бизнес адабияттарды камтыган электрондук китептердин кеңейтилген топтому.
• 1 күн – 10.50 сом (*2425*3*1#);
• 30 күн – 265 сом (*2425*3*30#).
«Литрес Бардыгы камтылган» – максималдуу мүмкүнчүлүктөр: электрондук китептердин жана аудиокитептердин, ошондой эле подкасттардын премиум жыйнагы.
• 1 күн – 14 сом (*2425*4*1#);
• 30 күн – 385 сом (*2425*4*30#).
Жаңы колдонуучулар үчүн атайын сунуш: каалаган «Литрес» топтомуна биринчи жолу катталууда, 14 күн бою акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгү тартууланат.
Кызматты колдонууну баштоо үчүн, USSD аркылуу тиешелүү топтомго катталыңыз, SMSтеги PIN-кодду алыңыз, MEGA номериңиз аркылуу «Литрес» колдонмосуна же litres.ru сайтына кириңиз жана өзүңүзгө жаккан китепти табыңыз. Сүйүктүү авторлоруңуздун, жаңы авторлордун чыгармаларын табыңыз, кызыктуу окуяларды угуңуз жана өзүңүздү курчап турган дүйнө жөнүндө көбүрөөк билиңиз.
MEGA – жаңы нерселерди ачууну жакшы көргөндөр үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР