Депутат «Баатыр эне» макамын 7-бала төрөлгөндө эле дароо берүүнү сунуштады
Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев «Баатыр эне» орденин жана макамын 7-бала төрөлгөндө эле дароо берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, азыр 7-бала төрөлгөндөн кийин «Баатыр эне» макамын алуу үчүн 8 документ чогултуу керек. Алардын катарында сыйлоо барагы, эненин иштеген жери тууралуу маалымат, паспорт жана нике күбөлүгү бар. Ал эненин паспорту гана талап кылынып, калган документтер «Түндүк» системасы аркылуу алынса деген пикирин айтты.
«Баатыр энелерди мамлекеттин артынан чуркатпай, мамлекет эненин эмгегин өзү баалаш керек деп эсептеймин», - деди ал. Ал бул макамды төрөт үйүнөн эле ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону суранды.
Касымалиев азыр так жооп бере албай турганын, бирок документтер баары бир болушу керектигин айтты. Анын сөзүнө караганда, санариптештирүүнүн алкагында жол-жобону жөнөкөйлөтүп, мөөнөтүн кыскартуу каралышы мүмкүн.
«Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында карап туруп чечебиз», - деди Касымалиев.