Бишкекте суткасына 2 миң тонна таштанды жагуучу экинчи завод курулат
Жакында Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүчү экинчи завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы завод биринчи таштандыларды кайра иштетүүчү заводдон эки эсе чоң болот.
“Жакында таштандыларды утилдештирүүчү экинчи заводду курууга киришишет, биз инвестициялык келишимди жактап бердик. Бул ишкана биринчи заводдон эки эсе чоң болуп, 60 МВт электр станциясын иштетүүгө жана суткасына 2 миң тонна таштандыны жагууга шарт түзөт”, — деди Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүчү биринчи завод ишке киргизилген. Ал 30 МВт электр энергиясын өндүрүп, борбор калаанын энергетикалык тармагына кошумча кубаттуулук берүү менен катар шаардагы таштандыларды азайтууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
Министрлер кабинетинин төрагасы энергетикалык коопсуздукту бекемдөө максатында гидроэнергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.