Жарнама

Милиция «Нур Умра Трэвел» компаниясынын жетекчисин камакка алды

18.11.26 | 15:38
Милиция «Нур Умра Трэвел» компаниясынын жетекчисин камакка алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кичи ажылыкка сапар уюштурууда алдамчылык кылган деген шек менен «Нур Умра Трэвел» компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясы билдирди.

Буга чейин кичи ажылыкка бараткан кыргызстандыктар 12-ноябрдан бери Ташкентте калып калганы айтылган. Алардын айрымдары «Нур Умра Трэвел» компаниясына кошумча акы төлөө талабына туш болушкан. 

Тышкы иштер министрлиги Ташкенттин эл аралык аэропортунда 60тан ашык кыргызстандык турганын билдирген.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, компания зыяратчыларды муфтияттын тиркемесинде каттабастан, сапарды Өзбекстан аркылуу уюштурган. Видеокайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн алардын ар биринен кошумча 100 доллар талап кылганын айтышты.

Ошондой эле буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы компанияга карата кичи ажылык уюштуруудагы мыйзам бузуулар боюнча эки акт түзгөнү аныкталды.

Октябрь районунун милициясы алдамчылык боюнча кылмыш иш козгоду.

Компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу даректерде жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн жүрүшүндө ишеним каттар, жарандардын документтери, акча которуу боюнча дүмүрчөктөр жана башка материалдар алынды.

Кылмышка шектелип «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын жетекчиси, 1983-жылы туулган М. К. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча