Жарнама

Өлкөдө бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 11 миңден ашык учуру катталды

18.11.26 | 16:16
Өлкөдө бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 11 миңден ашык учуру катталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда 9-ноябрдан 15-ноябрга чейинки бир жума аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоонун 11 миң 439 учуру катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мурунку жумага салыштырмалуу оорулардын саны 5 пайызга өскөн.

Ооругандардын 67,9 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт (7,7 миң учур).

Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында оорулуулардын көрсөткүчү республикалык орточо деңгээлден жогору болууда.

Лабораториялык мониторингдин маалыматтарына караганда, республикада респиратордук вирустар айланып жүрөт. Аныкталган козгогучтардын ичинен риновирустар — 47,6 пайыз, парагрипп вирустары — 21,5 пайыз, аденовирустар — 13,8 пайыз, сезондук коронавирустар — 10,2 пайыз жана башкалар басымдуулук кылат.

А (H1N1) сасык тумоосу жана COVID-19 катталууда.

Дарыгерлер калкка алдын алуу чараларын сактоону сунушташат:

колду самындап тез-тез жуу;

бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;

респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;

эл көп чогулган жерлерде, айрыкча респиратордук инфекциянын белгилери байкалганда медициналык бет кап тагынуу;

организмди үшүп калуудан сактоо;

оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калуу жана өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;

КРВИнин белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектептерге жана бала бакчаларга жибербөө;

эмгек жана эс алуу режимин сактоо, толук кандуу тамактануу жана физикалык активдүүлүктү колдоо.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча