Жарнама

Туманбаев: "Кара-Суу" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт, мурдагы баа сакталат

18.11.26 | 16:34
Туманбаев: "Кара-Суу" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт, мурдагы баа сакталат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кара-Суудагы "Туратали" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт жана мурдагы баалар ошол бойдон сакталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен базардын соодагерлери менен жолугушкан учурда билдирди.

Белгилей кетсек, "Кара-Суу" базары жакында эле президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыял" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берилген.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында өткөн жолугушууда Туманбаев соодагерлердин кайрылууларын угуп, аларды тынчсыздандырган маселелер боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ишкерлерге контейнерлерин сатууга, ижарага жана субарендага берүүгө уруксат. Бирок контейнерлер жайгашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикте кала берет.

Мындан тышкары, базардын иши толугу менен санариптештирилип, ижара төлөмдөрүн кабыл алуу электрондук системага өткөрүлөт. Бардык каражат расмий банктык эсеп аркылуу жүргүзүлүп, ар бир төлөм катталып турат. Бул чаралар көмүскө төлөмдөрдү жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган.

Туманбаев базарды мамлекеттин карамагына өткөрүүнүн башкы максаты ишкерлерге тоскоолдук жаратуу эмес, тескерисинче, ыңгайлуу шарт түзүп, базардын инфраструктурасын жакшыртуу экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Ош облусундагы "Кара-Суу" базарынын соодагерлери соода орундарынын ижара акысы кымбаттаганына нааразы болуп митингге чыгышкан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча