Жарнама

Кара-Жыгачта 3 унаа кагылышты

18.11.26 | 16:38
Кара-Жыгачта 3 унаа кагылышты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жанында 18-ноябрда саат 11:00дөр чамасында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Оберон жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде «Honda Accord», «Hyundai Sonata» жана «Toyota Caldina» кагылышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, «Toyota» айдоочусу кичи жолдон Оберон башкы көчөсүнө чыгып, ал боюнча бараткан унааларды кое берген эмес. Мунун кесепетинен «Accord» жана «Sonata» менен кагылышкан.

«Accord» менен «Sonata» айдоочулары жана «Toyota» жүргүнчүсү аймактык ооруканага жеткирилди.

Үч унаа тең айып короого жөнөтүлдү. Сот экспертизалары дайындалды, жол кырсыгынын жагдайлары тактaлууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча