Жарнама

Чүйдө ок тийген өспүрүмдөргө операция жасалат

18.11.26 | 16:51
Чүйдө ок тийген өспүрүмдөргө операция жасалат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чүй облусунда пневматикалык мылтыктан атылган октон жабыркаган эки өспүрүмдүн абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аларга окту алып салуу боюнча операция жасалат.

"Жалпысынан балдардын абалы туруктуу. Алар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун травматология жана ортопедия бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Андан соң балдарга окту алып салуу боюнча операция жасалат", – деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, күн мурун Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык, бир киши өтүп бара жаткандарга пневматикалык мылтыктан ок чыгарган. Кылмышка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Жабыркаган өспүрүмдөр 2013 жана 2015-жылы туулган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча