Депутат тыгындан кутулуу үчүн борбор калааны башка жакка көчүрүүнү сунуштады
Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги унаа тыгындарын азайтуу үчүн шаардын негизги жол кесилиштерине Ош шаарындагыдай көп деңгээлдүү көпүрөлөрдү курууну сунуштады.
Сыдыгалиевдин айтымында, ал Ош шаарына барып, жаңы салынган көпүрөлөр менен жолдорду көрүп келген. Ал ушундай курулмаларды Бишкектеги А.Токомбаев, Совет жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиштеринде курууну сунуштап, бир көпүрөнүн баасын сурады.
Курулуш министри Ош шаарындагы көп деңгээлдүү көпүрөнүн курулушу аяктаганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, курулуш башында эч кандай документсиз башталган, кийин долбоордук документтер толукталып, иштердин көлөмү аныкталган. Азыр курулуш боюнча карыздар бар, документтер даярдалып жатат.
Мэр Жунушалиев Бишкекте жол түйүндөрүн куруу башталганын айтты. Алардын бири Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде, дагы бири магистралда курулуп жатат. Иштер кийинки жылы аякташы күтүлүүдө.
Сыдыгалиев тыгындардын себеби катары шаардын борборунда турак жай курууга уруксат берүүнү атады. Анын пикиринде, үйлөрдү Ысык-Ата жана Сокулук тарапка куруу керек болчу. Ал курулуш компаниялары шаардан сырткары жерлерге коммуникация жана жол тартуунун чыгымынан качып, шаардын ичинен жер тилкелерин алып жатканын айтты.
Депутат ошондой эле альтернатива катары борборду башка жакка көчүрүүнү сунуштады, бирок аткаруу бийлигинин өкүлү мындай учурда эл да жаңы борборго көчөрүн белгиледи.
Депутат: - Же болбосо борборду башка жакка көчүрүш керек, ошондо маселе чечилет.
Мэр: - Борбор башка жакка көчкөндө ал жакка деле эл көчөт...
Депутат: - Эл көчкөндө көрүп атпайсыңарбы азыр кандай болуп калганын. Архитектура кызматынын күнөөсү, ошолор уруксат бербеш керек эле. Жок дегенде үйлөрдү Ысык-Атага чейин, Сокулукка чейин салгыла десе, маселе болбойт эле, туурабы? А биз уруксаттаы шаардын борборуна берип жатабыз: «биякка салгыла, тиякка салгыла» деп. Курулуш компанияларынын баары акчадан качып, үнөмдөп жатышат. Аякка коммуникация, баарын тартып барыш керек, жолду салыш керек, булар ошондон качышат дагы, шаардын ичинен бир жерди ала коюп, салып жатышат.