Жыл аягына чейин 14 миңден ашык ипотекалык батир пайдаланууга берилет
Жыл аягына чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 14 миңден ашык батири пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча жалпы 75 миң 900 батирдин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн тартып ушул жылдын 10-ноябрына чейин 23 миң 190 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.
Мындан тышкары, 2025-жылы жер мунапысынын алкагында 245 миңден ашык арыз кабыл алынганы маалымдалды. Анын жыйынтыгында 12,6 миң гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүлүп, 76 миң 688 жаранга жер тилкесине жеке менчик укугун күбөлөндүргөн кызыл китеп берилген.
Ошондой эле 2026-жылдан тартып мурда колдонулуп келген кызыл китептин ордуна кадастрдык план берүү тартиби киргизилген. Бул жер тилкелерине болгон менчик укугун каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, жер талаштарынын алдын алууга жана жерге байланышкан маалыматтарды санариптештирүүгө багытталганы айтылды.