Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондор менен жолукту
Садыр Жапаров президенттикке талапкер болууга арыз бергендер менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармакта билдирүү жасады.
Өлкө башчысынын айтымында, жолугушуунун максаты талапкерлердин ой-пикирлерин угуу, шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын, административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар колдонулуп-колдонулбаганын билүү болгон.
«Мен алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек», - деди ал.
Президент кезигүүдө талапкерлер айрым тынчсызданган жагдайларды айтканын белгиледи. Ал ошол жагдайларды эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге өзүнчө кайрылды.
«Сиздердин негизги милдетиңиздер — кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу. Менин президенттик шайлоого катышып жатканым сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт. Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт. Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет. Бул талап баарына бирдей», - деди Жапаров.
Ал муну менен катар, шайлоо бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекеттин демократиясын билдирген түшүнүккө айланышы керектигин белгиледи.
«Мен "Кыргызстанда шайлоо" дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм. Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек», - деп билдирди ал.
Ошондой эле, президент жарандарды талапкерлерди колдоп, кол топтоого катышууга чакырды.
«Учурда "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жүрүп жатат. Бардык жарандарды бул жараянга активдүү катышууга чакырам. “Президент болом, өлкөмдү өнүктүрөм” деген ар бир талапкерге мүмкүнчүлүк бериңиздер.
“Түндүктөн” кол коюу — добуш берүү эмес. Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер. Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо “Түндүк” аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн көп суранамын», - деди өлкө башчысы.