Жарнама

Казакстанда 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарга катталууга тыюу салынат

19.11.26 | 09:45
Казакстанда 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарга катталууга тыюу салынат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Казакстанда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга катталууга тыюу салынат. Курултайдын депутаттары онлайн-платформалар жана масс-медиа тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатышат.

Документте 16 жашка чыга элек колдонуучуларды онлайн-платформаларга каттоого тыюу салуу жөнүндө ченем бар. Мессенджерлерге гана уруксат берилмекчи.

Платформалардын ээлери жана өкүлчүлүктөрү да колдонуучулардын жашын текшерүүгө милдеттүү болушат.

«Санариптик чөйрөдө балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө балдардын платформалардагы маалыматка, анын ичинде зыяндуу жана деструктивдүү контентке жеткиликтүүлүгү иш жүзүндө эч нерсе менен чектелген эмес. Буга байланыштуу 16 жашка толо элек балдардын онлайн-платформаларга катталуусуна тыюу салуу сунушталууда», — деди маданият жана маалымат министри Арман Кырыкбаев.

Э

Анын айтымында, тыюу жеке баарлашууга, ошондой эле ата-энелер жана мугалимдер менен байланышууга арналган мессенджерлерге тиешелүү болбойт. Кеп онлайн-платформаларга катталуу жөнүндө гана болуп жатат. Жаш курак так кандай ыкма менен тастыкталары жана 16 жашка чейинки балдар тарабынан буга чейин ачылган аккаунттар эмне болору мыйзам долбоорунда такталган эмес.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча