Жарнама

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди изилдөө үчүн комиссия түзүлдү

19.11.26 | 10:47
Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди изилдөө үчүн комиссия түзүлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 13-ноябрдагы буйругуна ылайык, КР баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди изилдөө жана аныктоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Комиссияны маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектейт. Анын орун басары — Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директорунун орун басары Тыныстан Арзыбаев.

Ошондой эле комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:

КР баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов;

Президенттик администрациянын кызматкерлери Уланбек Далиев жана Замирбек Турсунбеков;

тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кыяс Молдокасымов;

саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова;

өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев;

ИИМдин Тергөө кызматы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Урмат Баялиев;

УКМКнын башкы башкармалыгынын орун басары Кубат Мукашев;

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова;

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору, тарых илимдеринин доктору, археолог Кубатбек Табалдыев;

КУУнун Тарых институтунун археология, этнография, булак таануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, археолог Орозбек Солтобаев;

Маданият министрлигинин тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сагынбек Нусурөталиев (комиссиянын катчысы).

Буйрукка ылайык, комиссия К. Молдокасымов тарабынан берилген маалыматтардын негизинде Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерге барып, жеринде изилдөө жана аныктоо иштерин жүргүзөт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия тиешелүү корутундусун жана сунуштарын 2026-жылдын 20-декабрына чейин министрликке киргизүүгө милдеттендирилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча