Казакстанда энергетикалык суусундуктарга толугу менен тыюу салуу сунушталды
Казакстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга толук тыюу салуу сунушталды. Мындай демилгени «Аталар союзу» республикалык коомдук бирикмеси көтөргөнүн Kazpravda.kz басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-ноябрда активисттер Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине багытталган петиция жарыялашты. Алар өлкөдө энергетиктердин жүгүртүлүшүнө толук тыюу салууну караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну талап кылышууда.
Мындай суусундуктарды өндүрүүгө жана алып кирүүгө гана эмес, сатууга, анын ичинде интернет-дүкөндөр жана жеткирүү кызматтары аркылуу сатууга да тыюу салуу сунушталууда. Чектөөлөр энергетиктерди жарнамалоого, жайылтууга жана акысыз таратууга да тиешелүү болушу керек.
Демилгенин авторлору калктын, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо үчүн азыркы чектөөлөр жетишсиз деп эсептешет.
Коомчулук шилтеме жасаган 2022-жылдагы HBSC изилдөөсүнүн маалыматы боюнча, сурамжылоого катышкан 11 жаштан 15 жашка чейинки казакстандык окуучулардын 20,5 пайызы энергетикалык суусундуктарды жума сайын, ал эми 3 пайызы күн сайын ичишкен.
Активисттер энергетиктердин жүрөк-кан тамыр тутумуна, уйкунун сапатына жана жалпы ден соолукка тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирине көңүл бурушат. Алардын пикиринде, өндүрүүчүлөр продукциянын курамын же аталышын өзгөртүү жолу менен тыюуну айланып өтпөшү үчүн чектөөлөр кумшекерсиз суусундуктарга жана концентраттарга да жайылтылышы зарыл.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-январынан тартып Казакстанда 21 жашка чыга элек адамдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынган. 2026-жылдан баштап бул продукцияга акциз киргизилген.
Азырынча сөз коомдук демилге жөнүндө гана болуп жатат. Казакстанда энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу боюнча чечим кабыл алына элек.
Эске салсак, Кыргызстанда да энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Экономика жана коммерция министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып энергетиктерди өндүрүүгө, импорттоого, сатууга жана керектөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Буга чейин, 5-ноябрда, президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине мындай суусундуктарды өндүрүүгө жана алып кирүүгө тыюу салуу маселесин кароону тапшырган. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жашы жете электерге энергетиктерди сатууга тыюу салууну сунуштаган.