Жарнама

Ош аэропортунда жүзүн толук жаап алган аялга айып пул салынды

19.11.26 | 11:27
Ош аэропортунда жүзүн толук жаап алган аялга айып пул салынды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош эл аралык аэропортунда милиция кызматкерлери коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн аялга айып пул салды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда укук бузуу тууралуу протокол толтуруу учурундагы милиция кызматкерлеринин аракеттери тартылган видео тараган.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 17-ноябрда болгон. Аэропортту тейлөө боюнча милиция бөлүмүнө ИИМдин санариптик байкоо бөлүмүнөн аэропорттун аймагында жүзүн толук жаап жүргөн адам тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери аялды бөлүмгө жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузуу жөнүндө протокол толтуруп, айып пул салышкан.

Облустук милициядан протокол окуяны видеого тартып жаткан адамга эмес, так ошол жүзүн жаап алган аялга карата түзүлгөнүн такташты.

Ошол эле учурда милициянын ырасташынча, видеотасманын автору бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылган.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү милиционерлердин аракеттерине текшерүү жүргүзүүдө.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу азырынча маалымдала элек.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча