Жарнама

Бишкекте лицензиясыз такси айдагандарга айып пул салынды

19.11.26 | 11:36
Бишкекте лицензиясыз такси айдагандарга айып пул салынды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кечээ, 18-ноябрда "Бишкек автобекет" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери милициянын кайгуул кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн базарынын аймагында рейд өткөрүштү.

Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган такси айдоочулары аныкталды. Мыйзам талаптарын бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Ошондой эле автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аларга Чыгыш автобекетинин аймагында такси унаалары үчүн атайын унаа токтотуучу жай бар экени эскертилди. Айдоочуларга жүргүнчүлөрдү белгиленген жерден гана салып-түшүрүү сунушталды.

Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, мындай рейддер мыйзамсыз жүргүнчү ташуунун алдын алуу, жол тыгындарын азайтуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында улантылат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча