Бүгүн жер эки ирет силкинди
19.11.26 | 14:03
Бүгүн өлкөдө жер эки ирет силкинип, 3,5 баллга жетти. Бул туурасында Сейсмология институтунан маалымдашты.
Биринчи ирет таңда, тагыраагы, саат 05:02де 3 баллдын тегерегинде болгон.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасында, Ормош айылынан жети чакырым батышты, Кыштут айылынан 10 чакырым түндүктү көздөй кеткен аймакта катталган. Ал жер Баткен шаарынан 35 чакырым түштүк чыгышта экендигин айтышты. Эл жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.
Экинчи термелүү саат 11:56да өтүп, очогу Кыргызстанда экенин билдиришти. Ал Алайдын Бор-Дөбө айылынан 9 чакырым аралыкта түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 129 чакырым алыстыкта түштүк-чыгышта жайгашканы маалым болду.
Редактор
Редактор
Поделиться: