Москвадагы “Сахарово” борборунда 200гө жакын кыргыз жараны кармалып турат
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын ИИМнин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Сахароводогу чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барып, Кыргызстандын жарандарынын кармалуу шарттары, медициналык камсыздоосу жана укуктарынын сакталышы менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчы борбордо кармалып турган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.Ага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана борбордун жетекчилиги катышты.
Жолугушууда мигранттарга алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын билүү зарылдыгы жана чет жерде жүргөндө өз укуктарын кантип коргоо керектиги түшундүрүлдү.
Мекендештер Акыйкатчыга жана элчиликтин өкүлдөрүнө борбордо кармоо мөөнөтү, Россиядан чыгаруу тартиби жана шарттары, ошондой эле депортациядан кийин өлкөгө кайра кирүүгө канча убакыттан соң уруксат берилери тууралуу суроолорду беришти.
Мындан тышкары алардын банк эсептери бөгөттөлгөндүктөн, административдик айыптарды төлөө жана кредиттик милдеттенмелерин аткаруу жолдору боюнча да кайрылышты.
«Мен көрүп турам, айрымдарыңыздар кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттана албай, натыйжада көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип калгансыздар. Айрым учурларда мындай маселелер иш берүүчүлөр өз милдеттерин аткарбагандыктан келип чыккан. Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге карата негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү», — деди Жамиля Жаманбаева.
Ошону менен катары эле бир кыргыз жараны өзүн көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине негизсиз киргизилген деп эсептеп, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө арыз менен кайрылды.
Борбордо Россиянын миграциялык жана башка мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар кармалат.
Борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата мекемеде Кыргызстандын 189 жараны, анын ичинде 33 аял кармалып турган. Ошондой эле 17-ноябр күнү кечинде 28 кыргызстандыкты депортациялоого даярдап жатышканын билдиришти.