Жарнама

Садыр Жапаров инисинин аты аталган пансионат боюнча эки жакты беттештирди

19.11.26 | 15:50
Садыр Жапаров инисинин аты аталган пансионат боюнча эки жакты беттештирди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү талашка түшкөн пансионат боюнча эки тараптын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармакта билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатканда Кубат Алымбеков аттуу жаран жеке кабыл алууну өтүнгөн.

"Мамлекет башчысы маселесин эл алдында ачык айтууну сунуштаганда, ал президенттин иниси Аскарбектин атын атаган эле.

Кийинчерээк Кубат Алымбеков ошол жолугушууда маселесин толук айтып бере албай калганын интернет аркылуу билдирген.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кубат Алымбековду жана россиялык инвестор Дмитрий Ребусту жубайы Екатерина Ребус менен бирге кабыл алды.

Жолугушууда Дмитрий Ребус аны Ысык-Көлдүн жээгинде пансионат куруу үчүн Кубат Алымбеков чакырганын айтты. 

Дмитрий Ребус 15 миллион долларга пансионат курганын далилдеп, бирок кийин аны уюшкан кылмыштуу топтор тартып алып, өзүн өлкөдөн кууп чыгышып, “экинчи бул жакка келсең жок кылып коёбуз” дешкенин айтып берди.

Кубат Алымбеков инвестициялык долбоорго жер тилкесин же жеке каражатынан бир сом да салбаганын өзү да мойнуна алды. Мындан сырткары курулушту аткарган фирмалардын жетекчилери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар экенин да тастыктады.

Бирок Кубат Алымбеков инвестициялык долбоордон “Дмитрий Ребус мага үлүш берем деп бербей кеткен” деген дооматын айтты.

Инвестор мындай үлүш берүү боюнча эч кандай келишим же макулдашуу болбогонун белгиледи жана “Кубат Алымбеков бир сом салбаса кантип үлүш берем демек элем” деди.

Маселени чечүү үчүн Дмитрий Ребус 2023-жылы президенттин иниси аркылуу мамлекет башчысына кайрылганын билдирди. Кийин мүлктөрү кайтарылып, учурда ишмердүүлүгүн улантып жатышканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тараптардын жүйөлөрүн, финансылык милдеттенмелердин аткарылышын, уюшкан кылмыштуу тобунун аралашканын жана үлүш боюнча айтылган дооматтардын документтерин дагы бир жолу кылдат, калыс териштирип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү тапшырды", - деп жазды Алагөзов

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча