Жарнама

АКШ, Кытай жана Орусия лидерлеринин тарыхта биринчи жолку үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.26 | 15:20
АКШ, Кытай жана Орусия лидерлеринин тарыхта биринчи жолку үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында АКШ президенти Дональд Трамп, КЭР төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин үч тараптуу сүйлөшүүсү башталды.

Жолугушуу Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭК) саммитинин чегинде «Цилинь Шаньчжуан» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин буга чейин, бул үч мамлекеттин башчыларынын мындай форматта тарыхтагы биринчи бетме-бет жолугушуусу экенин билдирген.

«Associated Press» агенттигинин маалыматы боюнча, сүйлөшүүнүн негизги темалары төмөнкүлөр болот:

өзөктүк куралга көзөмөл;

Украинадагы согушту жөнгө салуу;

Ирандагы согуштук аракеттерди токтотуу;

эл аралык коопсуздук;

соода-экономикалык мамилелер.

Негизги маселелердин бири катары Орусия менен АКШнын СНВ-III келишиминин мөөнөтү 2026-жылдын февралында аяктагандан кийин Кытайдын катышуусунда өзөктүк куралга көзөмөл боюнча жаңы макулдашууну иштеп чыгуу болушу мүмкүн.

Саммит башталганга чейин Дональд Трамп Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Үч тараптуу саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгү 2026-жылдын 1-сентябрында Бишкекте эле ачык талкууланган. Ошондо Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ШКУ саммитинин алкагында Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин Кытайда жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдиргеин «Reuters» агенттиги кабарлаган.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу азырынча маалымдалган жок.

Орусияны жана Евразияны изилдөө боюнча Карнегинин Берлин борборунун директору Александр Габуев «Би-би-си» телеканалына курган маегинде белгилегендей, алдын ала эксперттер аралык даярдыктын жоктугунан жана катышуучулардын кызыкчылыктарынын айырмачылыгынан улам үч тараптуу саммиттен олуттуу жыйынтыктарды күтүүгө болбойт.

Путин үчүн дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын лидерлери менен тең жолугушуунун өзү дипломатиялык жеңиш, Си Цзиньпин үчүн Трамп менен жеке мамилелерди бекемдөө мүмкүнчүлүгү, ал эми америкалык президент үчүн дүйнөлүк дипломатиядагы ролун көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет.

Эксперттин пикири боюнча, үч держава тең катышууну талап кылган жалгыз стратегиялык маанилүү тема — өзөктүк куралга көзөмөл. Бирок алдын ала даярдыктын жоктугу макулдашууларга жетишүү ыктымалдыгын азайтат.

Габуев, ошондой эле, 1945-жылдагы Ялта конференциясы менен параллель жүргүзүү аракеттери негизсиз деп эсептейт: азыркы дүйнөнү үч державанын

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча