Жарнама

Агартуу министрлиги Кызыл-Ойдо мектептин өрттөнүшү боюнча маалымат берди

19.11.26 | 15:45
Агартуу министрлиги Кызыл-Ойдо мектептин өрттөнүшү боюнча маалымат берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Агартуу министрлиги Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн жалпы билим берүү мекемесинде чыккан өрт боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, өрт чыккан имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген эки тайпалуу бала бакча жайгашкан. Өрт эртең менен балдар келе электе чыккан.

"Китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, өрт чыккан учурда китепканада окуу китептери болгон эмес. Бала бакчанын эмеректери сакталып калган",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-ноябрда болжол менен саат 08:00дө мектептин эски имаратында өрт чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, өрт саат 10:20да чектөөгө алынды.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча