Жарнама

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген

19.11.26 | 16:19
Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалымат боюнча, жооптуу кызмат адамдары медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзбөстөн, «МСЭК ИС» маалыматтык системасында жасалма маалым каттарды түзгөн. Алардын негизинде 2025–2026-жылдары 64 жарандын пенсиясы мыйзамсыз дайындалып, мамлекетке 4 млн сомдой зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда териштирүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча