Жарнама

Ошто үйлөрү буздурула турган тургундарга «Ош Ситиден» 100 батир берилет

19.11.26 | 17:42
Ошто үйлөрү буздурула турган тургундарга «Ош Ситиден» 100 батир берилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарында эстакадалык көпүрөлөрдү куруу үчүн үйлөрү буздурула турган тургундарга компенсация катары «Ош Сити» турак жай комплексинен 100 батир берилет. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев 19-ноябрда Ош шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.

Маалыматка ылайык, А. Масалиев проспектисинде жана Ак-Буура дарыясынын үстүндө эстакадалык көпүрөлөрдү куруу пландалууда. Долбоордун алкагында айрым турак үйлөр бузулат.

Мэрдин айтымында, тургундар алгач жаңы батирлерге көчүрүлүп, андан кийин гана үйлөрү буздурулат.

Мындан тышкары, долбоордо эки чакырымдык веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу каралган.

Сессияда мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев долбоор боюнча маалымат берди. Жыйынтыгында депутаттар тиешелүү токтом долбоорун бир добуштан кабыл алышты.

 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча